• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Суваналиев: Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлери атышууда

29 Чын куран 2021 17:14 Бишкек Govori.TV

Баткендин Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлери атышып жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

«Биз мобилизация менен алектенип жатабыз. Тез жардам кызматын жөнөтүп, ооруканаларды даярдоодобуз», — деди ал.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Түштөн кийин чек арадагы абал кайрадан күчөгөн.

Окуядан жалпы 8 жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Булак: Марал.

Количество просмотров: 535