• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда сырттан добуш берүү жүрүп жатат 

21 Аяк оона 202415:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча сырттан добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

№13 Сузак шайлоо округу боюнча 81 участкалык шайлоо комиссиясынын 15ине шайлоочуларга сырттан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн 81 арыз берилген, анын ичинен:

  • карылыгы боюнча – 32;
  • майыптыгы боюнча – 22;
  • ооруга байланыштуу – 27.

Маалымат үчүн: Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда 08:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 86