Президент Садыр Жапаров бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоону 22-сентябрда өткөрүүнү дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын жарлыгы 25-июлда расмий сайтына жарыяланды.
Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.
Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Бирок айрым депутаттар ал УКМКга суракка барып, маанайы жок жүргөнүн айтышкан.