• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузакта 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелип 44 жаштагы жаран кармалды

18 Жетинин айы 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

Сузакта 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелип 44 жаштагы Ш.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1973-жылы туулган Ж.Ы. Сузак РИИБне арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 19-июнь күнү баласы 26 баш кой жана 25 баш козуларын (жалпы 51 баш) талаага жайганы чыгып, үйүнө кеткен учурда койлору талаадан жоголгондугун, натыйжада ири өлчөмдө зыян тарткандыгын билдирген.

Дагы бир Сузак районунун тургуну Х.Г. РИИБге арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 24-сентябрь күнү болжол түш чамасында Таш-Булак айылынын талаасында жайылып жүргөн 31 баш койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Натыйжада жалпы эки арыз боюнча жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашкандыгын, койлордун баары “Гиссар” породасында экендиктерин билдиришкен. Аталган фактылар Сузак РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Жогорудагы мал уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери, тиешелүү ыкчам кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Сузак районунун тургуну 1977-ж.т. Ш.М. кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүү Ш.М. 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү уурдалган койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстан Республикасына өткөрүп жибергендиги белгилүү болгон.»,-деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурдалган 28 баш койлор ээлерине кайтарылган.

Количество просмотров: 103