• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Сузакта ат басып калып 2 бала каза болду

6 Жетинин айы 202221:29 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ат басып калып 8 жана 12 жаштагы эки бала каза болду. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Окуя 5-ноябрь күнү саат 15:00дөр чамасында болгон. Барпы айылдык ооруканасынын Тез жардам кызматы милицияга эки баланы ат басып калып, окуя болгон жерде каза болушканын билдирген. Билдирүү Сузак райондук ИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталды. Текшерүү учурунда балдардын ата-энеси арыз жазуудан жана сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Балдардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Каза болгон балдардын улуусу мектепте 6-класста, кичүүсү 2-класста окучу. Күтүүсүз кырсыктан каза болгон окуучулар бир тууган ага-ининин балдары экени айтылды.

Количество просмотров: 299