• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сузакта унаа жылкыны сүзүп, жаш жигиттер жабыркады

2 Жетинин айы 202111:09 Бишкек Govori.TV

Сузакта унаа жылкыны сүзүп, жаш жигиттер жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Чолок айылында “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жылкыны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган А.Р., М.А., Д.Б. жана Б уулу Н. аттуу жаш жигиттер жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Жалал-Абад шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Количество просмотров: 48