Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында унаанын тебелеп кетүүсүнөн жабыркаган балдар атайын борт менен Бишкекке жеткирилди.
Жабыркаган балдар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.