2-декабрда социалдык тармактарда Сузак районундагы «Кенжетай-1» бала бакчасында балдарды белгисиз аял уруп жаткан тасманы тарткан тарбиячынын жардамчысы Курманжан Эркебай кызы райондук билим берүү мекемеси арыз жаздырып, иштен кетүүгө мажбурлап жатканын «Азаттыкка» билдирген.
«Тасманы мен тарткам. Тарбиячы балдарды ура бергендиктен, чыдабай видеого тартканга аргасыз болдум. Иштен кетүүгө арызды райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин айтуусу менен жазып, кайра жыртып салгам. Жумуштан кетүүнү же кетпөөнү иш бир жаңсыл болгондон кийин чечем», — деди тарбиячынын жардамчысы.
«Кенжетай-1» бала бакчасындагы окуядан кийин бала бакчанын үч кызматкери жумуштан кеткенин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Эламанов да ырастап, иштен кеткен кызматкерлер арасында окуяны тасмага тарткан тарбиячынын жардамчысы да бар экенин билдирди.
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан Сузак районундагы аталган бала бакчасынын кызматкерлерине тарбияланып жаткан балдарга карата ырайымсыз мамиле жасалганы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.