• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сузактагы үйдөн чыккан өрт адам өмүрүн жалмады

3 Бирдин айы 2023 10:22 Бишкек Govori.TV

Сузакта өрттүн кесепетинен 45 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Винсовхоз айылындагы Дружба көчөсүндө эки кабаттуу барак тибиндеги турак үйүнүн бир бөлмөсүндө төшөнчүлөр жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1978-жылы туулган Т.З. аттуу эркек киши каза болгон.

Тилсиз жоо тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Количество просмотров: 135