Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Сузак округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун чыгашаларынын эсептеп, сметасын бекитти.
Ага ылайык, шайлоого 12 млн 216 миң 800 сом сарпталаары, бул каражат комиссияны окутууга, маалымдоого, байланышты камсыз кылуу, маалыматтык
материалдарды жана шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу, шайлоо жабдууларын,
документтерин жана таркатылуучу материалдарды региондорго, 81 участкалык шайлоо
комиссиясына жеткирүү үчүн коротулат.
Сузак округунда 123 322 шайлоочу бар.