Жогорку Кеңеште айрым депутаттар парламент кабыл алган мыйзам долбоорлорунун кээ бир беренелери президентке кол коюуга өзгөртүлүп киргизилип жатканын айтып чыгышты. Бул маселе парламенттин 5-февралдагы жыйынында Эмгек кодекси боюнча талкууда айтылды.
Бир катар депутаттардын нааразы пикири айтылган соң Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, “Мындай окуялар бир эле Социалдык комитетте эмес, буга чейин да болуп келген. Президенттин аппараты, юристтери биздин аппараттын үстүнө минип алышкан да. Биз (Жогорку Кеңеш) кабыл алгандай эмес, булар (Президенттин аппараты) айткандай кылышат”, — деди ал.