• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сыймык Жапыкеев абактагы Аспековго боор тартты

3 Жетинин айы 2021 13:29 Бишкек Govori.TV

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы жетекчиси жана жана Октябрь окуясынын активдүү катышуучуларынын бири Сыймык Жапыкеев камакта жаткан активист Мелис Аспековду үй камагына чыгаруу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«Менин Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаңыз каза болгондо Түптөн тажыядан таанышкам. Сиз жөнүндө айтып бүтпөйт эле. Сиздин эң биринчи тарапташыңыз, иниңиз, партиялаш, жакшы санаалаш катары билчүмүн. Мени бир нече жолу «Мекенчил» партиясына чакырган. Андан башка митингдерден эле көрчүмүн. Акча, бийлик тууралуу сүйлөшкөн дагы эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда бир доллар ойногон эмес. Былтыр революция күнү эң чырылдаган ушул жигит эле. Сизди түрмөдөн чыгарыш үчүн абдан чоң мээнет кылганын билем. Жаныңызда бир айга жакын жүрдү. Анан эле кармалды, 250 миң доллар Дашковдон (ред. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы) алды деп камалганын уктум. Чынында кандай болгонун билбейбиз. Бирок 250 миң доллар алган күнү деле келтирилген чыгым тергөөдө турат да. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу өтө начарлап кетти деген маалыматты уктум. Менин жеке оюм, Урматтуу Садыр Нургожоевич өтүнөт элек, ушул жигитке жаман болду түрмөдө. Түрмөдө жылан жатпасын, Мелис Аспековго ырайым көрсөтүңүз. Камактан чыгарып берсеңиз туура болмок деген ойдобуз. Менимче, Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Кандай болгон күндө да сиз үчүн экөөбүз телефондон катуу урушканбыз. Ырайымдуулук көрсөтүңүз», — деп жазды Жапыкеев.

Эскерте кетсек, активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев январь айынын башында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 26-январында сот Улан Жураевди үй камагына чыгарган. Маалым болгондой, ал Башкы прокуратура менен кызматташууга макул болгон.

Количество просмотров: 225