• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы берилди

12 Жалган куран 202111:42 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевге финансы полициясынын генерал-майору наамы берилди. Бул тууралуу Жапыкеев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Маалыматка караганда,тийиштүү жарлыкка 4-мартта кол коюлган.

«Достор эң биринчи силерге рахмат! Ушунча колдодунар, кудайга ыразымын. Президентке чооң рахмат, чын жүрөктөн кубанып жатам. Кудай буюрса эл, жер үчүн эмгегимди аябайм»,-деп жазды Жапыкеев.

Эске салсак, 5-мартта өкмөт башчы Мариповдун буйругуна ылайык, Өкмөттүн алдындагы Жапыкеев башында турган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлган.

Количество просмотров: 301