• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров наамынан ажыраткан генералдар кимдер?

29 Тогуздун айы 202418:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратканы белгилүү болду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган.

Ал эми Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 10-октябрдагы жарлыгы менен генерал-майор чининен 5 кызматкер ажыратылган, алар кимдер?

  • Салиев Талантбек Тагаевич.

Салиев 1975-жылы туулган. Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүрүп, улуттук коопсуздук органдарында тергөөчү болуп эмгек жолун баштаган. Салиев 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого катышканы маалымдалат. Салиев ар кандай кызматтарда иштеп, 2019-жылдын 9-ноябрында УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал бул кызматта 2020-жылдын 16-октябрына чейин иштеген.

  • Эркинбаев Санжар Нуралиевич.

Эркинбаев 1978-жылы туулган. КР Куралдуу күчтөрүнүн полковниги жана 714 аскер бөлүгүнүн командири катары президент Атамбаевдин 2017-жылдын 23-майындагы жарлыгы менен «Данк» медалы менен сыйланган. 2019-жылдын 7-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен УКМКнын 9-кызматына жетекчи болгон, ал бул кызматта 2020-жылдын октябрына чейин иштеген.

  • Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич.

Орозалиев 1973-жылы Кыргыз ССРинин мурдагы автотранспорт жана жолдор министри, ишкер Кыдырма Орозалиевдин үй-бүлөсүндө туулган. Милициядагы эмгек жолун тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган. Орозалиев 2020-жылдагы коронавирустук пандемиядан улам карантин учурунда Бишкектин коменданты катары эсте калды.

  • Каниметов Мирлан Дотанович.

Каниметов 1970-жылы туулган. Ички иштер органдарында кызматын милиционер болуп баштаган. Андан кийин ал оперативдүү кызматка өткөн. Анын ысымы 2015-жылы Минск шаарында (Беларусь) өлтүрүлгөн кримавторитет Алманбет Анапияевдин өлүмүнөн кийин аталган. Каниметов Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары кызматына 2018-жылдын 18-июнунда дайындалган. Ал оперативдүү иштерди көзөмөлдөп, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок деген сөздөрү менен эсте калды. Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын жай айларында ал жеке өзү Кой-Таштагы Атамбаевге чакыруу кагазын берүүгө аракет кылган, бирок аны киргизбей коюшкан.

  • Нурдинов Малик Апсаматович.

Нурдинов 1972-жылы 5-январда туулган. Милициядагы эмгек жолун Ош ОИИБде кадрлар бөлүмүнүн инспектору болуп баштаган. Ошондон бери Нурдинов республиканын түштүгүндөгү ички иштер башкармалыгында ар кандай кызматтарды аркалап келген. Коронавирус пандемиясы учурунда Нурдинов Ош, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болгон. Ал 2020-жылдын декабрынын аягына чейин милицияда иштеген: ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 270