Сынактан эки жолу үй утуп, бирок аларды ала албай жүргөн мугалим Илгизбек Шамырзаевге батирүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов фейсбуктагы баракчасына жазды.
Эске салсак, 2021-жылы Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” сынагы өткөн. Анда Ош шаарындагы №52 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими жеңүүчү деп табылып, сынактын шарты боюнча жеңүүчү батир алыш керек болчу. Бирок, үч жылдан кийин Шамырзаев убада кылынган сыйлыкты ала албай келгени белгилүү болуп, талкууга алынган.