Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов мугалим Илгиз Шамырзаевге убада кылынган батир боюнча комментарий берди.
«Жаш мугалим Илгиз Шамырзаевге берилчү батирге байланыштуу маселеде менин атым да аталды. Бул маселе боюнча толук айта кетейин. 2021-жылы Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасына мэр катары катышканмын. Жеңүүчүлөргө мэр катары сыйлык тапшырганым чын. Илгиз агайга гана эмес, калган катышуучуларга да сыйлыктарды бергенбиз. Жеңүүчүгө батир берүү боюнча ошол убактагы вице-мэрлердин бири “Эмаком” курулуш компаниясы демөөрчү болуп жатканын айтып калды. Буга чейин да мугалимдерге демөөрчүлөр тарабынан ар кандай сыйлыктар берилип келген экен. Ошол иш-чарага аталган компаниянын өкүлдөрү өздөрү катышкан. Кыскасын айтканда, жеңүүчүгө батирдин сертификатын тапшырганмын. Менин билишимче батирдин курулушу бүтө элек болгондуктан ачкычы берилбей, батирдин келишим кагазы менен сертификат компаниянын атынан берилген. Ошол жылы мен да Ош шаарынын мэри кызматын тапшырып, кызматтан кеттим. Ошол боюнча көзөмөл кылбай калдык. Ушул жылдын апрель айында Илгиз агай менен телефон аркылуу байланышып, курулуш компаниясынын ээси, ошол убактагы ЖК депутаты Эмил Жусупов менен экөөнү телефон аркылуу видео байланыш менен сүйлөштүрдүм. Сөз мага да баарыбир тиет, ушул агаң сага батир берген, чечишип, батирдин Жусуповдон алып алгын деп айтканмын. Эмил Жусуповго да айттыңбы берип кой деп мындан 7 ай мурда да суранганмын. Бул сүйлөшүүнү мугалимибиз да четке какпаса керек. Эми минтип массалык маалымат каражаттарына чыгып, соцтармакта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Мен бул талкууларды, сын-пикирлерди абдан туура түшүнөм. Агайдын абалын да түшүнүп турам. Менин юридикалык жактан жоопкерчилигим жок болсо да, ошол убакта мэр катары белекти тапшырып, сүрөткө түшкөнүбүз үчүн күнөөлөнүп жатканымды сезип турам», — деп жооп берди Сарыбашов.
Белгилей кетсек, 2021-жылы Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” сынагы өткөн. Анда Ош шаарындагы №52 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими жеңүүчү деп табылып, сынактын шарты боюнча жеңүүчү батир алыш керек болчу. Бирок, үч жылдан кийин Шамырзаев убада кылынган сыйлыкты ала албай келгени белгилүү болуп, талкууга алынган.
Жогорудагы окуяда Ош шаарынын мурдагы мэри, учурда ЖКнын депутаты Таалайбек Сарыбашовдун ысымы аталган. Себеби, жеңүүчүгө батирдин сертификатын Сарыбашов тапшырган.
Шамырзаев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берип, сыйлык деп ыйгарылган али курулуп бүтө элек батирдин документтерин алганы менен курулуш аяктаган учурда дал аныкындай документ башка да адамда бар болуп чыкканын айткан.
«Сынак жыйынтыгына келген соң мени «Эмаком» курулуш компаниясынын Ош шаарындагы жетекчиси Мелис Жусупов өзүнүн кеңсесине чакырып, Ош шаарында он үч кабаттуу көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгын, ошол көп кабаттуу үйдүн он үчүнчү кабатынан бир бөлмөлүү, т.а. 68-батирдин иш кагаздарын тапшырган. Ошол учурда курулуп жаткан үй төртүнчү кабатына келип калган болчу. Ал үйдүн батыраак курулуп бүтүүсүн менчелик эч ким күтпөдү болсо керек. А бирок курулуш иштери аяктап, ал жердин тургундарын каттай баштаган учурда мага берилген батирди башка бир адам сатып алгандыгын айтып, анын да колунда кудум эле мага берилген иш кагаздары бар экендигин далил катары көрсөткөн. Аталган маселе боюнча кайрадан компанияга кайрылган учурда, айтор, көңүл жылытарлык кабыл алышпай, улам эле жетекчинин жок экендигин айтып, жылдан жылга күтүп туруумду сөз кылып, тил эмизип келишүүдө. Ош шаардык мэриясына эки ирет кат түрүндө кайрылган учурда алар мага бул маселе боюнча компаниянын өзүнө кайрылуумду айтып, жооп жазышкан. Ошол кездеги шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кайрылган учурда ал сертификатты шаар мэри катары официалдуу түрдө тапшырып койгондугун айтып, мени компаниянын негизги негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов менен WhatsApp колдонмосу аркылуу видео түрүндө байланыштырган. Жусупов Эмилбек мырза өз сөзүндө мага берилген батир эртеби-кечпи берилерин, компаниянын учурдагы абалын айтып, бул маселени тез арада чечип берүүсүн убада кылган. Айтор, 2021-жылдан баштап бул маселе боюнча эч бир тарап алгылыктуу жооп айтпай, ара жолдо мени абдан эле ыңгайсыз абалга салышууда», — деген мугалим.