Бишкек шаарындагы 100 оорундуу жаңы эксперименталдуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу сентябрь айынын аягында аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин директорунун орун басары Уланбек Калманбетов билдирди.
Анын айтымында, эксперименттик тез курулуучу инфекциялык оорукананын курулушуна 60 миллион сом каражат бөлүнгөн.
«Бүгүн курулуштун 41-күнү. Курулуш иштерине 60 миллион сом каражат бөлүнгөн. Оорукананы сентябрдын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деди Калманбетов.
Ал эми Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору Жолдошбек Абдраевдин айтымында, имарат өрт коопсуздугу, жер силкинүүгө туруштук берүү жана ысык-суукта бирдей температураны кармоо талаптарына толук жооп берет.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте курулуп жаткан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу талкуу жараткан. Интернет колдонуучулар оорукана сапатсыз курулуп жатат деген сыяктуу сын-пикирлерди жазып чыгышкан болчу.