Сырт өрөөнүндө турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык,Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл аймагынын Сырт жайлоосундагы “Жылуу суу” өрөөнүндөгү “Балгарт” суусунун агымына тоодон шагыл көчүп, бир үйдү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Шагылды тазалоо үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 1 каз тамандуу экскаватор, ӨКМ тарабынан 1 “Тралл” үлгүсүндөгү атайын унаа бөлүнүп берилген. Учурда суунун нуугун буру тазалоо иштери жүрүүдө.