• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Сырт жайлоосунда канча мал өлгөнү айтылды

3 Кулжа 20229:30 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндөгү калың кардан улам чыгымга учураган малдын саны такталып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун малчылары жайлаган алыскы жайлоолорунда калың жааган кардын кесепетинен малдын өлгөнү тууралуу малчылар, жергиликтүү тургундар билдирүүдө.

«Жергиликтүү тургундардын маалыматы боюнча Ак-Суу районунда жалпы 378 баш майда мал (кой-эчки), бодо малдан 142 баш, жылкы баласынан 22 баш өлгөн. Ал эми Жети-Өгүз районунда жалпысынан 3 жылкы, 5 бодо, 13 топоз, 610 баш кой-эчки өлгөн. Азыркы учурда жеринде комиссия түзүлүп, алыскы жайыттарга чыгып кеткен малчылардан кабар алуу жана малын тактоо иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 3984