• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

23 Кулжа 2022 9:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 11-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам республиканын бардык аймактарында тышкы видеобайкоо тутуму менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү, бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча, тышкы видеобайкоо тутумун түзүүгө тийиш болгон тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет

Количество просмотров: 66