• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Түркияда кыргыз кызды унаага тебелетип өлтүргөн жаран кармалды

21 Жалган куран 2018 12:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.03.2018 Govori.TV

Түркиянын Денизли аймагында Памуккале районунда киши колдуу болгон кыргызстандык Ы.Жнын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул туурасында жергиликтүү Dogan кабар агенттиги шектүү катары 30 жаштагы Б.Ү. аттуу түркиялык жаран кармалганын жазды. Анда Б.Ү. Памуккале шаарында кичи касапканада иштейт.

Маалыматта «Ал окуя болгон күнү маркум Ы.Ж үйүнө жеткирүүнү сунуштаган. Кафедеги жумушунан үйүнө бараткан кыз ага макул болгон эмес. Ушундан кийин Б.Ү кызды күч менен автоунаасына салып, ээн талаага алып барган. Андан соң кызды зордуктап, машине менен тебелеткен жана сурак учурунда шектүү окуянын кандай болгонун эстей албасын айтып, маркумду өлтүргөнүн мойнуна алган. Бирок унаа менен атайын тебелеп өтпөгөнүн билдирген. Кылмыш иши сотко өткөрүлүп, Б.Ү учурда камакка алынды» -деп жазылат.

Эске сала кетсек, 19-март күнү Түркиянын Денизли аймагында Памуккале районунда талаада иштеген дыйкандар жол жээгинен чет өлкөлүк кыздын зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөнүн көрүшүп, полицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге полиция келгенде маркумдун жанынан 26 жаштагы кыргызстандык Ы.Жнын телефону жана паспорту табылган.

Количество просмотров: 4