10-12-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
11-майда жана 12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.