• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өзбекстанда абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу системасы реформаланат

8 Бугу 2024 17:59 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда абитуриенттердин арасындагы атаандаштыкты күчөтүү жана жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) тапшырууда адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында окууга кабыл алуу системасы реформаланат. Бул тууралуу 6-майда өлкөнүн жогорку билим берүү министрлиги Конгратбай Шарипов президент Шавкат Мирзиёевге тааныштырган презентацияда жазылган.

Президенттин айтымында, азыркы окууга кабыл алуу жана квоталарды бөлүштүрүү системасы «зээндүү студенттерди тандоого жана алардын арасындагы атаандаштыкка» шарт түзбөйт. Жогорку упай алган айрым абитуриенттер окууга өтпөй калышы мүмкүн, анткени алар документтерин тапшырган окуу жайда квота толуп калган болушу ыктымал.

Шавкат Мирзиёев министрге жаңы окуу жылынан тарта белгилүү бир багыт боюнча жогорку упай алган абитуриент тандап алган окуу жайына карабастан мамлекеттик грантка сунуштала турган тартипти киргизүүнү тапшырды. Тагыраагы, эми жогорку упай алган абитуриенттер сөзсүз түрдө окуу мүмкүндүгүнө ээ болот.

Мындан тышкары эми грант бир кишиге төрт жылга берилбестен, жыл сайын окуусунда жогорку упай алган студенттердин арасында бөлүштүрүлөт.

«Эгер бул адилеттүү системаны жөнгө салып алсак, ал биринчи кезекте атаандаштыкка шарт түзөт. Экинчиден, муну ата-энелер да колдошот. Бул чечимди социалдык түйүндөрдө жакшылап түшүндүрүү керек», – деди Мирзиёев.

Количество просмотров: 95