Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында туман каптап жаан аралаш кар жаап жатат.
Транспорт министрлиги унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарында жолдор ачык. Ал эми, түштүк тараптагы жолдордо да каттам күндөгүдөй режимде жүрүүдө. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында туман каптап жаан аралаш кар жаап, жааган кар кайрадан жерге токтобой, ээрип кетүүдө. Ошондой эле, Өтмөк ашуусунда да жаан аралаш кар жаап жатат. Учурда баардык унаа жолдордо каттам күндөгүдөй жүрүүдө.