• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Төө-Ашууда кар жаап жатат

18 Аяк оона 202510:33 Бишкек Govori.TV

Учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда да кар жаап, атайын жол тазалоочу техникалар жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Аталган иштер «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө ишканалары тарабынан күнү-түнү аткарылууда.

Количество просмотров: 232