• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

17 Бештин айы 202513:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 13:00дөн тарта Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Количество просмотров: 125