Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Суусамыр – Талас – Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 1-декабрь, саат 10:15тен тартып, жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүнө Сосновка постунан ары өтүүгө уруксат берилбейт.
Мекеме чектөө канча убакытка чейин күчүндө болорун маалымдаган жок.