Бүгүн эртең мененки саат 08:30га карата Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жөнгө салынып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат берди.
Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө.
Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, Арал жана Сосновка өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышат.
Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.
№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.