• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Төө-Ашууда унааларга киргизилген чектөө алынды

24 Тогуздун айы 2023 14:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунун 81 км бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлө алынды.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгени маалымдалган.

Количество просмотров: 78