4-ноябрда күндүз жана түнкүсүн жааган калың кардан улам Бишкек-Ош жолундагы өйдөлүштөрдөн автоунаалар чыга албай Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тыгын жаралды.
Социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордон эки ашуунун чыга бериштеринде маал-маалы менен жүздөгөн автоунаалар тизилип, жүрө албай калганын көрүүгө болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусундагы 60-чакырымында, ошондой эле “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Бул чара жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Учурда тиешелүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүүдө.
Жол каттамынын ачылышы тууралуу кошумча маалымат кошумча билдирүү аркылуу берилет.
«Жарандардан жана айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана мүмкүн болушунча алыскы сапарларды убактылуу жылдыруу суралат»,-деп айтылат маалыматта.