• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат

14 Теке 202219:00 Бишкек Govori.TV

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель үч күн маал-маалы менен жабылып турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлагандай, электр кабелин алмаштырууга жана вентиляция системасын калыбына келтирүүгө байланыштуу тоннель 15-16-17-июль күндөрү убактылуу чектөөлөр киргизилет.

«Саат 04:00дөн 06:00гө чейин, саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 14:00дөн 16:0 гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда тоннелдин ичинде унаа өрттөнүп, электр жарыгы жана вентиляция системасы жабыркаган.

Количество просмотров: 382