Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, тоннель бир күндө 3 маал жабылып турат. Тактап айтканда, таңкы саат 4:00дөн 6:00гө, күндүзү 10:00дөн 12:00гө жана 14:00дөн 16:00гө чейинки сааттарда тоннел өтмөгүндө жол эки тараптуу жабылат.
Министрлик оңдоо иштери канча күнгө созуларын маалымдаган жок.