Төө-Ашууда кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу Ош-Бишкек жолу толугу менен жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, жеринде ӨКМ кызматкерлери иш алып барууда. Жабыркагандар болгондугу тууралуу маалымат азырынча белгисиз.
ӨКМ жаралган кырдаалга байланыштуу жакынкы аралыкта жолго чыкпай турууну сунуштайт.