Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель бүгүн саат 14:05тен тартып эки тараптуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, тоннель оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган.
ӨКМ айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана жолдун ачылышы тууралуу маалыматты «112» номеринен тактап алса болорун эскертти.