• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашуудагы тоннелдин жабылуу убактысы

7 Теке 202210:45 Бишкек Govori.TV

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелде күйүп кеткен электр кабелди алмаштыруу иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бидиришкендей, 7-8-9-июль күндөрү тоннель төмөнкү убакыт аралыгында жабылып турат:

Саат 4:00дөн 6:00гө чейин,
Саат 10:00 дөн 12:00гө чейин,
Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.

Эскерте кетсек, 5-июлда К.Көлбаев атындагы тоннелде унаанын күйүп кеткенине байланыштуу эки тараптан кыймыл убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 632