• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашуудагы туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет

18 Бугу 202311:24 Бишкек Govori.TV

19-майдан тартып оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылапйыке, туннелдин электр чубалгылары алмаштыруу, дубалдарын актоо жана сырдоо иштери жүргүзүлөт.

Ошентип, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин туннель жабык болот.

Аталган аймакта жол коопсуздугун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.

Количество просмотров: 100