Бишкек.18.05.2019.Govori.TV.
Бишкек-Ош автожолунда кырсыктан беш адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннельдин ичинде Тойота Ист жана Мерседес-Бенс унаалары кагылышты.
Натыйжада Тойота Ист унаасындагы 5 адам ар кандай жаракаттарды алышып, куткаруучулар тарабынан тоннелден чыгарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Тез жардам кызматкерлери тарабынан жабыркагандар Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми Мерседес-Бенц унаасындагы 3 адам жабыркаган эмес.
Окуя бүгүн 18-майда Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде болгон.