Бүгүн, 5-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөзүнөн кийин бир нече депутаттар Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча бийликтин аракетин колдош керектигин айтышты.
Алардын катарында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев: “Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич жана Жогорку Кеңештин депутаттары тарыхый миссиянын алдында турабыз. Кыргыз Республикасы “кызыл китебибизди” алышыбыз керек. Биз азыр чек арасы чечиле элек толук эмес өлкөбүз. Элдин тили менен айтканда, Кудай буюрса “кызыл китебибизди” колубузга алабыз. Достук айылындагы Анара деген эже “бизге согуштун кереги жок, бийликке ишенебиз, көчөбүз” деп жатат”, — деген пикрин айтты.