• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түлөбаев: Мэр болбойм, шаардык кеңештин шайлоосуна дагы катышпайм

9 Бирдин айы 2021 10:27 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда мэрдин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев билдирди.

«Мен кечээ өкмөт башчы менен жолугуп, кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. 2 айдан кийин шаардык кеңештин шайлоосу өтөт. Анда шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлап алат. Мэр болбойм, шаардык кеңештин дагы шайлоосуна катышпайм. Президент Садыр Жапаровдун жана шаардыктар суранып жатат дегенинен келгем. Кемчиликтер кетсе кечирим сурайм»,-деди Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келди.

Түлөбаев өз каалоосу менен жазылган арызы негизинде кызматынан кеткен. Ал учурда ооруп жатканын, кызматтан кеткенден кийин бир аз жатып эс ала турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 396