Бүгүн, 10-марттагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечилердин бири, депутат Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгынын, «2023-2026-жылдарга Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү» комплекстүү мамлекеттик программасынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Талкууда депутат Балбак Түлөбаев Президенттин жарлыгы менен пляждар жалпы пайдаланууга берилгенин эске алып, жеке пансионаттарга милдеттендирүү мүмкүн эместигин, ага керектелүүчү техникалык каражаттар жетишсиздигин белгилешти.