• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түлөбаев: Тажик аскерлери Кыргызстанга такыр кирбесин!

21 Аяк оона 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Тажик аскерлери Кыргызстанга такыр кирбесин. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дагы ЖККУнун алкагында Тажикстан өлкөсүнө барбай эле койсун.

«Кыргызстандын баардык аймагына чок түштү, көңүл айтам. Биз азыр бийликке талап эмес, жардам беришибиз керек. Себеби Жогорку Кеңеш дагы бийликтин бир бутагы. Буга чейинки чек ара жаңжалдарынан кийин стратегия кабыл алынган. Ошонун негизинде чоң балээден калдык. Эгер ошол чечимдер кабыл алынбаганда Баткен, Лейлекти алдырып коймокпуз. Азыр кемчиликтерди кароо менен алдыга жылышыбыз керек. Мен бүгүн жалпы жыйын учурунда дагы айттым. Тажик аскерлери Кыргызстанга такыр кирбесин! Биз дагы ЖККУнун алкагында Тажикстанга барбай эле коелу»,-деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 796