• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Түлөбаев: Жол кире маселесин мэр чече албайт

3 Кулжа 2021 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылуу жасады. Бул тууралуу видео Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Балбак Түлөбаев жол киреге байланыштуу маселени мэр чече албай турганын, шаардык кеңеш шайланып келгенден кийин гана чечилерин айтты. Айдоочуларды ага чейин элди кыйнабай, иштеп турууга чакырды.

«Бишкек шаардык кеңеши шайланып келсе, май айында маршруткаларга жол кире акысын 15 сомго, мектеп окуучулары менен пенсионерлер үчүн 10 сомго деп сүйлөшкөнбүз. Бирок май айында шаардык кеңеш шайланбай калды, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жол кире боюнча токтомдорду мэрия даярдап койгон. Экономика министрлигинин анализинен өткөн, бир-эки айдан бери сайтта илинип турат. Эми шаардык кеңеш келгенге чейин кичине күтүп турбайсыздарбы? Депутаттар шайланып келсе, эң биринчи ушул маселени карайт. Мен сиздерден өтүнөм, азыркы мэр деле мурунку айтылган сөздөрдүн артынан келе жатат, Азыркы мэр деле эч нерсе кыла албайт, себеби шаардык кеңеш жок, тарифтин көтөрүлүшүн шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышы керек. Элди ысыкта кыйнабай, шаардык кеңеш шайланганга чейин күтө туруңуздар»,-деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, 2-июнда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда транспорттук кыйынчылык түзүлдү. Айдоочулар бүгүн, 3-июнда дагы ишке чыккан жок.

Количество просмотров: 279