• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төлө Исаков кызматынан бошотулду

9 Чын куран 202011:25 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде АКИpress агенттигине Исаков өзү билдирген.

«Арыз жаздым, кечээ премьер-министр кол койду. Келечекте мага сунушталган бардык кызматта иштеп, тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын», — деп билдирген ал.

Ошондой эле Исаков кызматтан кетүүсүнүн себебин ден-соолугуна байланыштуу экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Төлө Исаков ушул жылдын 29-январында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.

Количество просмотров: 1544