• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түмөнбаев Бакировдун депутаттык мандатынан ажыратылышын сындады

13 Аяк оона 202311:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламент жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев депутат Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылышын мыйзамсыз деп сындады.

«Бардык соттор №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча чечим чыгарган. Ага карабастан БШК өзү каалагандай токтом чыгарып, аны мандатынан ажыратып, ордуна башка депутатты отургузган», — деди депутат.

Депутат бул маселе боюнча БШК жооп берүүсүн талап кылып, депутаттык комиссия түзүүнү билдирди.

Количество просмотров: 802