• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Түндө азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыкты

23 Үчтүн айы 202110:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында түндө дүкөн өрттөнүп кетти. Бултууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.

«Дүкөндүн аянты 50 чарчы метр болгон. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.

Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.

Теги:
Количество просмотров: 174