• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Түндө Бишкекте «Жашылчарба» ишканасынын аймагында чыккан өрт чектелди

16 Бештин айы 201813:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.12.2018.Govori.TV.

Бишкекте түндө «Жашылчарба» муниципиалдык ишканасынынын аймагында өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жакта кургак чөп күйүп 2000 чарчы метрдей жер өрттөнгөн. Жеринде үч өрт өчүрүү унаа иштеген..

Жалын таңкы саат 5.28де чектөөгө алынганы айтылат.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Жаракат алгандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 23