• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түндүк Корея Түштүк Кореяга таштанды шарларды учурду

2 Тогуздун айы 202415:55 Бишкек Govori.TV


Түндүк Корея Түштүк Кореяга кайрадан таштанды толтурулган шарларды учурду. Алтымыштан ашууну Сеулга жана анын айланасына түштү деп жазды РИА “Новости”.

Таштанды шарларды учуруу 22-сентябрдан берки биринчи учур болду. Ошол учурда Түштүк Кореянын аскерлери эгер Пхеньян чектен ашып кетсе, “чечкиндүү аскердик чаралар” көрүлөөрүн эскерткен.

Андан кийин Түндүк Корея коңшуларына таштанды шарларын жөнөткөн эмес. Жалпысынан май айынын аягынан бери Түштүк Корея 23 учурууну санап, анын натыйжасында Түндүк Корея коңшусуна 5 миң 600дөн ашык шар жөнөткөн.

Теги:
Количество просмотров: 125