КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн 4-декабрда Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Сеулда өткөн Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы инвестициялык диалогго катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигине, Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигине, ошондой эле бул маанилүү иш-чараны уюштурууга салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну модернизациялоого, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири айтып берди.
Ал белгилегендей, экономикалык реформалар олуттуу натыйжаларды алып келди: акыркы үч жылда өлкөнүн ИДПсынын өсүшү жыл сайын орточо 9%, ал эми 2024-жылы 9,6% түздү. Мамлекеттик бюджет дээрлик үч эсеге көбөйүп, жан башына ИДПнын көрсөткүчтөрү эки эсеге өстү.
Президент ошондой эле Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, чакан жана орто гидроэлектростанцияларды ишке киргизүү, ошондой эле Кытай – Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорго токтолду.
Ал кореялык компанияларды бул стратегиялык долбоорлорго катышууга чакырып, корей технологиясын киргизүү эки тараптуу кызматташуунун жаңы перспективаларын ачарын белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү үчүн бир катар мыйзамдык чаралар, анын ичинде жеке ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынганын айта кетти.
Форумдун аягында Президент Садыр Жапаров кореялык бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн эл аралык кызматташтыкка ачыктыгын жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп өттү.