Түндүк Кореянын бийлиги Париж олимпиадасында стол тенниси боюнча күмүш байгеге ээ болгон Ри Чен Сик менен Ким Кум Ёнду жазалайт. The Telegraph маалымат сайты жазгандай, түштүк кореялык атаандаштары Лим Чон Хун жана Шин Юбин менен чогуу түшкөн спортчулардын бактылуу жүзү бийликке жаккан эмес.
Сүрөт 2024-жылдын июль айынын аягында тартылган. Сыйлык тапшыруу аземинде спортчулар кол алышып, корей тилинде куттукташкан. The Telegraph жазгандай, 15-августта мекенине кайтып келген спортчуларды башка көз караштарды жүргүзүшү мүмкүн деген ой менен “идеологиялык экспертизадан” өткөрүп, түштүк кореялыктар менен чогуу сүрөткө түшкөнү үчүн спорт министрлиги жазалайт.
Түндүк Кореянын спортчуларына Париждеги чет элдик, анын ичинде Түштүк Кореядан келген спортчулар менен байланышпоо боюнча мелдештин алдында «атайын көрсөтмөлөр» берилип, алар коркунучтуу кесепеттерге алып келери белгиленген. Бийлик өз спортчуларынын жүрүм-турумуна баа берүүнү жана көрсөтмөлөрдү бузгандарды тартипке салууну пландоодо.
Буга чейин Түндүк Кореянын футбол командасы 2010-жылдагы дүйнөлүк чемпионатта ийгиликке жетпей калган. Ошондон кийин футболчулар Пхеньяндагы элдик изилдөө сарайында өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууга чакырылып, алты саатка созулган сынга кабылган. Андан соң команданын машыктыруучусу курулуш иштерине жөнөтүлгөн.