• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунунда таш кулаган жерди айланып өткөн убактылуу жол салынды

27 Бугу 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги таш кулаган жерди айланып өткөн убактылуу жол салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Учурда жолдун кооптуу тилкелерине тосмо коюу маселелери талкууланып жатат жана жакында ал жерге адистер барышат.

Жолдун бул тилкесине 25-майда таштар кулай баштаган жана учурда анын көлөмү болжол менен 10 миң тоннадан ашты.

Аралдан Казарманга чейинки 100 чакырымдык тилке пайдаланууга былтыр ноябрда берилген.

Количество просмотров: 120